"Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюму Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылы

Касымбекова Нурбүбү Жумалиевна

Медайым

Мен Касымбекова Нурбүбү Жумалиевна 1969-жылы 30-мартта Нарын облусуна караштуу Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылында кызматчынын үй бүлөсүндө төрөлгөм. 11 бир туугандын 8-болуп эрке өстүм.

1975-1976-жылы Миң-Булак орто мектебине караштуу 1-класска кирип 1986-жылы ошол эле мектепти ийгиликтүү аяктагам.

1986-жылы Нарын медициналык училищанын фельшерлик факультетине өтүп, 1989-жылы училищаны ийгиликтүү аяктагам. Ушул эле жылы Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо райондук больницасына медайым болуп ишке киргем.

2002-жылы Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылындагы  №5 үй бүлөлүк дарыгерлер ооруканасына которулуп, акушерке кабинетинде иштегем.

2004-жылы билимимди жогорулатуу  үчүн Нарын шаарында 3 айлык үй бүлөлүк медайым курсун окуп келгем. Азыркы учурда Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу Дөдөмөл айылындагы «Наристе» бала бакчасында медайым болуп эмгектенүүдөмүн.

4 уул, 2 кыздын бактылуу энесимин.