"Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюму Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылы

Кожакматова Бурулча Багышовна

Тарбиячы

Кожакматова Бурулча Багышовна 1970-жылы 9-декабрда Казарман айылында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. Тогуз бир туугандын үчүнчүсү.

1977-78-окуу жылында Казарман орто мектебинин 1-классына кирип 1987-88- окуу жылында мектепти ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун 1990-жылы Макмал алтын кен комбинатына караштуу «Росинка» балдар бакчасында жардамчы тарбиячы болуп иштөө менен баштаган.

1997-2003-жылдары Кош-Булак айылындагы Ыдырыс Кадыркулов атындагы орто мектебинде орус тили мугалими болуп эмгектенген.

2009-жылдын 1-апрелинен баштап азыркы күнгө чейин Наристе мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиячы болуп эмгектенет.
Жылдын тарбиячысы-2013 сынагына катышып 1-орунду женип алган. Балдарга билим -тарбия берүүдө көп жылдык үзүрлүү эмгеги учун мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Билими жогорку С. Нааматов атындагы НМУ педагогика бөлүмүн аяктаган.
Үй бүлөлүү 3 уул,1 кыздын энеси.