23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү
23- сентябрь- Мамлекеттик кыргыз тил күнүнө 35 жыл толгонуна карата «Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Мындан туура 35 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.
Иш-чарынын жүрүшүндө балдар кыргыз тили тууралуу накыл сөздөрдү, жаттаган макалдарын айтып беришти.
Жаттаган ырларын ырдашып, кыргыз бийин бийлешти.
Иш-чараны дайындаган уюмдун музыкалык жетекчиси Исмаилова Гүлбарчын Шекербековна.
Комментарии