"Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюму Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылы

Биз жөнүндө

“Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун кыскача тарыхы

“Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылында жайгашкан.

“Наристе” бала бакчасы 2004-жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 30 орундуу үй шартындагы жамааттык бала бакча болуп ачылып 200 миң сомдук инвентарь менен камсыздалган.

Бул жылдарга чейин Дөдөмөл айылында атайын салынган бала бакча болбогонуна байланыштуу, 2005-2018-жылга чейин менчик үйдө иштеп, балдарды тарбиялап келдик.

2004-2009-жылга чейин 2-5 жаштагы балдарды кабыл алып, 2 сааттык өлчөмдө билим – тарбия берип 2 инсан өз ыктыяры менен акысыз иштеди. Бул иш айыл элине бала бакчанын зарылчылыгы болгондуктан жана ата – энелердин суроо – талаптарын аткаруу үчүн уюшулган.

2009- жылы бала бакча юридикалык каттоодон өтүп, каржылоосу республикалык бюджетке киргизилип, 9 адам жумуш орду менен камсыз болгон.

Балдарды тарбиялоодо жана билим берүүдө уюмдун жетекчиси, тарбиячы, музыкалык жетекчи, жардамчы тарбиячы, ашпозчу, мед айым жана техникалык кызматкерлер иш алып барышат.
Бала бакчанын имараты тар болгондугуна байланыштуу, 2023-2024- окуу жылына карата 2-6 жашка чейинки 27 бала тарбияланып жатат.

Бала бакчанын ачылган убагынан тартып 110 бөбөк бала бакчада тарбияланып, мектеп босогосун атташты.

Бала бакчанын түптөлгөнүнө быйыл 15 жылдын жүзү болду. Бул жыл аралыгында көптөгөн ийгиликтерди жарата алдык десек болот. Бала бакчанын негизделишине ошол убактагы уюштуруучу жана учурдагы жетекчиси Өзүканова Айганыш Эсенбековнанын, тарбиячы Кожакматова Бурулча Быгышовнанын жана башка жумушчу кызматкерлердин салымы чоң!

Азыркы учурда бала бакчанын жаңы имаратын куруу максатында иштер жүрүп жатат. Маалымат үчүн айта турган болсок, Тогуз-Торо айыл өкмөтү тарабынан балдар бакчасынын имаратын курууга 0,30 га жер тилкеси бөлүнүп берилген жана 75 орундуу бала бакчанын долбоору түзүлгөн, сметасы 37 млн сомду түзөт. Бала бакчага келүүчү балдардын жана кезек күтүп жаткан балдардын саны жыл сайын өсүүдө. 75 орундуу бала бакча курулса, бул маселелер чечилет деген ойдобуз. Жаңы имаратты курууда “АРИС” долбооруна, республикалык бюджетке сунуштап келгенбиз, бирок жыйынтык боло элек. Азыркы тапта кызматкерлер, айыл эли, тарбияланып жаткан балдар дагы бала бакчанын жаңы имаратын курулушун чыдамсыздык менен күтүүдө!